Научная статья на тему 'КЫЛМЫШ-УКУКТУК РЕФОРМАЛАР ЖАНА БАЛДАРДЫН УКУКТАРЫ'

КЫЛМЫШ-УКУКТУК РЕФОРМАЛАР ЖАНА БАЛДАРДЫН УКУКТАРЫ Текст научной статьи по специальности «Право»

CC BY
6
2
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
конституция / балдар кодекси / кылмыш-жаза кодекси / жашы жете элек / жашы жете элек күбө / ювеналдык юстиция / constitution / children's code / criminal code / minor / minor witness / juvenile justice

Аннотация научной статьи по праву, автор научной работы — Жусупов Болотбек Асанович, Бургоева Айгүл Нишанова, Мамрасулов Куттубек Мамасаипович

Макалада жалпы илимий изилдөө методдоруна, атап айтканда системалык структуралык жана формалдуу логикалык изилдөө методдоруна негизделген Кыргыз Республикасындагы жашы жете электердин укуктарын жана эркиндиктерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга талдоо жасалган.Кыргыз Республикасындагы жазык сот тармагындагы реформалоонун негизги тенденциялары талдоого алынган. Жашы жете электердин укуктарын жана эркиндиктерин коргогон ченемдик укуктук актылардын негизги жоболору жалпыланган

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

CRIMINAL LAW REFORMS AND CHILDREN’S RIGHTS

Abstract The article, based on general scientific research methods, in particular systemic structural and formal logical research methods, analyzes the regulations governing the rights and freedoms of minors in the Kyrgyz Republic.The main trends in criminal justice reform in the Kyrgyz Republic are analyzed. The main provisions of regulations protecting the rights and freedoms of minors are summarized

Текст научной работы на тему «КЫЛМЫШ-УКУКТУК РЕФОРМАЛАР ЖАНА БАЛДАРДЫН УКУКТАРЫ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. УКУК

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ПРАВО JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. LAW

e-ISSN: 1694-8661

№2(3)/2023, 47-51

УДК: 343.2

DOI: 10.52754/16948661 2023 2(3) 8

КЫЛМЫШ-УКУКТУК РЕФОРМАЛАР ЖАНА БАЛДАРДЫН УКУКТАРЫ УГОЛОВНО-ПРАВОВЫЕ РЕФОРМЫ И ПРАВА ДЕТЕЙ CRIMINAL LAW REFORMS AND CHILDREN'S RIGHTS

Жусупов Болотбек Асанович

Жусупов Болотбек Асанович Zhusupov Bolotbek Asanovich

ю.и.к., доцент, Ош мамлекеттик университети

к.ю.н., доцент, Ошский государственный университет Associate Professor, Osh State University

bolotbek1070@mail.ru_

Бургоева Ай^л Нишанова

Бургоева АйгYл Нишанова Burgoeva Aigul Nishanova

улук окутуучу, Ош мамлекеттик университети

старший преподаватель, Ошский государственный университет Senior Lecturer, Osh State University

aygulya1988-88@mail.ru_

Мамрасулов Куттубек Мамасаипович

Мамрасулов Куттубек Мамасаипович Mamrasulov Kuttubek Mamasaipovich

улук окутуучу, Ош мамлекеттик университети

старший преподаватель, Ошский государственный университет Senior Lecturer, Osh State University kuttubek-89@mail.ru

КЫЛМЫШ-УКУКТУК РЕФОРМАЛАР ЖАНА БАЛДАРДЫН УКУКТАРЫ Аннотация

Макалада жалпы илимий изилдее методдоруна, атап айтканда системалык структуралык жана формалдуу логикалык изилдее методдоруна негизделген Кыргыз Республикасындагы жашы жете электердин укуктарын жана эркиндиктерин женге салуучу ченемдик укуктук актыларга талдоо жасалган.Кыргыз Республикасындагы жазык сот тармагындагы реформалоонун негизги тенденциялары талдоого алынган. Жашы жете электердин укуктарын жана эркиндиктерин коргогон ченемдик укуктук актылардын негизги жоболору жалпыланган

Ачкыч свздвр: конституция, балдар кодекси, кылмыш-жаза кодекси, жашы жете элек, жашы жете элек ^бе, ювеналдык юстиция.

УГОЛОВНО- ПРАВОВЫЕ РЕФОРМЫ И ПРАВА CRIMINAL LAW REFORMS AND CHILDREN'S ДЕТЕЙ RIGHTS

Аннотация Abstract

В статье на основе общенаучных методов The article, based on general scientific research methods,

исследования в частности системно структурного и in particular systemic structural and formal logical research

формально логического методов исследования methods, analyzes the regulations governing the rights and

проанализированы нормативные акты, регулирующие freedoms of minors in the Kyrgyz Republic.The main

права и свободы несовершеннолетних в Кыргызской trends in criminal justice reform in the Kyrgyz Republic are

Республике. Проанализированы основные тенденции analyzed. The main provisions of regulations protecting the

реформы уголовной юстиции в Кыргызской rights and freedoms of minors are summarized Республики. Обобщены основные положение нормативных актов, охраняющее права и свободы несовершеннолетних.

Ключевые слова: Конституция, кодекс о детях, Keywords: constitution, children's code, criminal code, уголовный кодекс, несовершеннолетний, minor, minor witness, juvenile justice. несовершенолетний свидетель,ювенальная юстиция.

Киришуу

Кыргызстан эгемендYYЛYк жылдары бир катар укуктук реформаларды жYргYЗYYге жетишти. Алгачкы эгемендYYЛYк жылдары бир катар улуттук мыйзам актылары кабыл алынып, кодификацияланган актылар дагы орун алды.

ЭгемендYYЛYк жылдары кабыл алынган актылар ошол учурдун талабы, еткеел мезгилдеги процесстер менен коштолуп, бир канча тутумдуу реформаларды жYргYЗYYДен алыс эле.

Жаш елкенYн тажрыйбасы, мыйзам чыгаруу, ченем жаратуучулук жаатында бир канча аксаганы турмуштук чындык. Анткени, ошол жылдары жацы кабыл алынган 1993 жылдагы эгемен Кыргызстандын Конституциясы [1] мамлекеттин тYЗYЛYШYн демократиялык нукка багыт алгандыгы, мамлекеттин тYЗYЛYш формасынын аныкталышы орундуу негиз болду десек жацылышпайбыз.

Акыркы мезгилдерде жашы жетелек балдардын укук жана эркиндиктери боюнча бир канча масштабдуу иш чаралар, социалдык жана экономикалык программалар, укуктук женге салынуучу коомдук мамилелер олуттуу тYPде езгерYYге дуушар болду.

Жаштар мамлекеттин келечеги катары алдыга CYPYЛген идеология алардын тарбиялануу жана билим алуу шартттарын жакшыртуу, ар тараптуу камсыз кылуу механизмдери иштеп чыгуу милдетин койду.

Демек, балдардын укук жана эркиндиктери укуктук нормаларда бекилгендиги анын социалдык укуктук маанилYYЛYГYн айгинелейт.

Кыргызстан эгемендYYЛYк алгандар бери бир канча жыл етсе дагы жашы жете элек балдардын укук жана эркиндиктери боюнча бир катар алгылыктуу иштерди жYргYЗYп келYYДе.

Балдардын укук жана эркиндиктери маанилYY коомдук, мамлекеттик баалуулук катары саналбастан, социалдык укуктук баалуулук катары дагы саналат.

ЭгемендYYЛYк жылдарында кабыл алынган Кылмыш жаза [2], жазык процессуалдык кодекстери [3] советтик укуктук доктринадан олуттуу айрамаланып, эл аралык алдьщкы тажрыйбанын кээ бир жетишкендиктерин улуттук мыйзам актыларына имплементациялады. Тактап айтканда, кылмыш жаза кодексинде балдардын жоопкерчилиги ез алдынча главада каралуу менен бирдикте бир канча тутумдашкан мYнезге ээ болду.

Кылмыш процессуалдык кодекс балдардын кылмыш иштери боюнча ендYPYште Пекин конвенциясындагы [4] бир катар талаптарды киргизди.

Бул балдардын укуктарын кылмыш укуктук коргоо жаатындагы алгачкы жетишкендик катары баалоого болот.

Белгилей кетYY керек Орто Азия мамлекеттеринин арасында Казахстанда алгачкылардан ювеналдык соттор тYЗYЛДY [5].

Кыргыз Республикасында 2012 жылы алгачкылардан болуп «Балдар женYнде» кодекс кабыл алынды [6].

ЭгемендYYЛYк жылдары кылмыш жаза мыйзам актыларына бир катар eзгeрYY толуктоолор киргизилди. Бирок ошого карабастан, балдардын укуктарын коргоо жаатында системалуу eзгeрYYлeр ишке ашырылган эмес.

Ата мекендик изилдeeчY Ф.А. Танатарова белгилегендей «Кыргыз Республикасында дагы кeптeгeн чет eлкeлeрдe байкалгандай жашы жете электердин криминалдуу активдYYЛYГY eсYYДe» [7.с.76] дейт. Биз бул ойго кошулабыз.

ИзилдeeчYлeр Б.А. Жусупов Б.А., Ш.А.Жайнаков «1997 жылдагы кабыл алынган кылмыш жаза кодексинин дагы бир чоц жетишкендиги болуп кылмыш жаза жоопкерчилигине тартууда жаш курагын, психологиялык абалын эске алуу менен жашы жетпегендердин кылмыш-жаза жоопкерчилигин eзYнчe бeлYмдe карап гумандуулук принцибине негизделип човдорго караганда бир топ жецилдиктерди бекиткендиги саналат» [8.с.55-56] деп жазат.

Кыргызстан алгачкы жылдардан эле балдардын укук жана эркиндиктери боюнча бир катар ченедик актылар кабыл алынгандыгын айта кетYY орундуу. Орто Азия мамлекеттеринин арасында алгачкылардан болуп «Балдар жeнYндe» кодекстин кабыл алынышы eзгeчe мааниге.

Акыркы Мезгилдеги укуктук реформалар балдардын укук жана эркиндиктери жeнYндe бир катар эл аралык стандарттарды улуттук мыйзам актыларында жарыялады.

Ата мекендик изимдeeчYлeр Б.А. Жусупов А.Н Бургоева «Конституциянын 6-беренеси адам укуктары жана эркиндиктери жаатындагы таанылган принциптерди улуттук укук тутумунун курамдык бeлYГY катары тааныйт. Мындан келип чыккандай Кыргызстан адам укуктары жана эркиндиктери коргоо жаатында эл аралык укуктук стандарттардын алдьщкы тажрыйбасын улуттук укук тутумуна киргизYYгe милдетин коет. Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында айрыкча жазык укуктук коргоо учурдун актуалдуу суроолорунан экендиги анык. Жазык укуктук чeйрeдe жашы жетпегендердин укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселеси дагы учурдун актуалдуу суроолорунун бири катары таанылат» [9.с43-45; 10, 11] деп жазышат.

Айрыкча кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамында балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери ; балдар иштери боюнча адистешкен тергeeчY, прокурор, судья, балдардын иштери боюнча адистешкен адвокат -;) жабырлануучу-бала, кYбe бала деген тYШYHYктeр орун алды.

Макаланы жыйынтыктап жатып тeмeнкY тыянактарды чыгарсак болот;

Балдардын укуктарын кылмыш жазык жактан коргоо эгемендYYЛYк жылдарында жацыча жандашуу менен жолго тYшкeн;

• балдардын укуктарын кылмыш укуктук жактан коргоо Кыргызстандын эл аралык келишимдердге катышкандыгы,менен да мYнeздeлeт;

• балдарын укуктарын коргоо артыкчылыктуу багыт катары таанылды;

• акыркы жылдары балдардын укуктары боюнча бир катар адистештирилген процессуалдык субьектилердин каралышын айтууга болот.

Жалпылап алганда жазык укуктук реформалар балдардын укуктарын коргоодо бир катар атайын нормаларды карагандыгы эл аралык стандарттарга дал келтирYY, ар тараптуу коргоо, натыйжалуулугун арттыруу саналат.

Колдонулган адабияттар

1. Конституция кыргызской республики (Введена в действие Законом Кыргызской Республики от 5 мая 1993 года N П86-XП).

2. Уголовный кодекс Кыргызской Республики (Введен в действие Законом КР от 1 октября 1997 года N 69)

3. Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодекси 1999-жылдын 30-июну № 62 (Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июнундагы № 63 Мыйзамы менен кучунв киргизилген).

4. Минимальные стандартные правила Организации Объединенных Наций, касающиеся отправления правосудия в отношении несовершеннолетних (Пекинские правила) Приняты резолюцией 40/33 Генеральной Ассамблеи от 29 ноября 1985 года

5. Указ Президента Республики Казахстан от 19 августа 2008 г. N 646 "О Концепции развития системы ювенальной юстиции в Республике Казахстан на 2009 - 2011 годы". ИС "ПАРАГРАФ", 2008.

6. Кыргыз республикасынын балдар женYнде кодекси 2012-жылдын 10-июлу № 100 (КР, 2020-жылдын 1-августундагы № 109 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

7. Танатарова Ф.А. Защита прав несовершеннолетних в Кыргызской Республике: уголовно-правовой аспект. Журнал Наука без границ. № 7 (35) 2019. С. 76.

8. Жусупов Б.А., Жайнаков Ш.А. Законное закрепление принципа гуманизма в уголовно-процессуальном кодексе Кыргызской Республики. Известия ВУЗов Кыргызстана. 2014. №. 9. С. 55-56

9. Жусупов Б.А., Бургоева А.Н понятийный аппарат лиц не достигших восемнадцатилетнего возраста в международном праве и национальном законодательстве. Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана. 2021. №. 10. С 43-45.

10. Джунусова, Д., & Абдиллаев, М. (2023). Образование, функции, задачи и полномочия органов опеки и попечительства. Вестник Ошского государственного университета. Право, 1(1), 55-64. DOI: https://doi.org/10.52754/16948661 2022 1 6. EDN: ZAVZFT.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.