Научная статья на тему '7-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫН АЛГЕБРА САБАГЫНА АКТИВДЕШТИРҮҮНҮН ЖОЛДОРУ'

7-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫН АЛГЕБРА САБАГЫНА АКТИВДЕШТИРҮҮНҮН ЖОЛДОРУ Текст научной статьи по специальности «Искусствоведение»

CC BY
0
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Журнал
Вестник науки
Область наук
Ключевые слова
методикалык сабаттуулук / оюндардын түрү / активдештирүү / курак өзгөчөлүк / математикалык сабаттуулук / PISA-test / STEMсабактар / methodical literacy / games type / activation / age-specific / mathematical literacy / PISA test / STEM classes

Аннотация научной статьи по искусствоведению, автор научной работы — Тайырова Р.У., Аскарбекова А.Н.

Мектеп курсунда математика сабагын адегенде математика деп берип 7-класстан баштап алгебра жана геометрия деп бөлүп карайбыз. Бул учурда окуучуларда математикага болгон кызыгуусу начарлаганы байкалып мугалимдерди түйшөлтө баштайт. Мугалимдер жаш өзгөчөлүккө жана окуучулардын физиологиялык абалына карап алгебра сабагына окуучуларды активдештирүүнун жолдорун карап башташат. Замандын талабы, технологиянын өнүгүшүнө карап, алгебра сабагына активдештирүүчү оюн технологияларын колдонсок жакшы натыйжа чыгат.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

Похожие темы научных работ по искусствоведению , автор научной работы — Тайырова Р.У., Аскарбекова А.Н.

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

TEACHING ALGEBRA TO 7TH GRADE STUDENTS ACTIVATION METHODS

In the school course, we divide mathematics into algebra and geometry, starting from the 7th grade, giving mathematics first. At this time, students begin to show a decrease in interest in mathematics, which begins to worry teachers. Teachers are beginning to consider ways to activate students in algebra lessons, depending on the age and physiological state of the students. Over time, depending on the development of technology, it will be better if we apply activating game technologies to the algebra lesson.

Текст научной работы на тему «7-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫН АЛГЕБРА САБАГЫНА АКТИВДЕШТИРҮҮНҮН ЖОЛДОРУ»

УДК 37 Тайырова Р. У., Аскарбекова А.Н.

Тайырова Р.У.

ага окутуучусу И. Арабаев атындагы КМУнун (г. Бишкек, Кыргызстан)

Аскарбекова А.Н.

ФМО-М-13-21 тайпасынын студенти ФМ факультетинин И. Арабаев атындагы КМУнун (г. Бишкек, Кыргызстан)

7-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫН АЛГЕБРА САБАГЫНА АКТИВДЕШТИРУУНУН ЖОЛДОРУ

Аннотация: мектеп курсунда математика сабагын адегенде математика деп берип 7-класстан баштап алгебра жана геометрия деп бвлуп карайбыз. Бул учурда окуучуларда математикага болгон кызыгуусу начарлаганы байкалып мугалимдерди туйшвлтв баштайт. Мугалимдер жаш взгвчвлуккв жана окуучулардын физиологиялык абалына карап алгебра сабагына окуучуларды активдештируунун жолдорун карап башташат. Замандын талабы, технологиянын внугушунв карап, алгебра сабагына активдештируучу оюн технологияларын колдонсок жакшы натыйжа чыгат.

TYÜYHdYY свздвр: методикалык сабаттуулук, оюндардын туру, активдештируу, курак взгвчвлук, математикалык сабаттуулук, PISA-test, STEM- сабактар.

Кыргыз элинде "7" деген сан езгече орунду ээлейт. Макал-лакаптарда да, каада-салтта да, белгиленген даталарда да "жети (7)" саны кеп кездешет. Мисалы, "Жетинин бири- кыдыр", ^3Y етYп кеткен кишинин жетилигин чыгаруу, 7-апрель ж.б. ушул сыяктуу мектеп окуучуларынын арасынан 7-класстын окуучуларын дагы езгече окуучулар деп эсептесек болот.

7-класстын окуучуларга талаптарды коюудан мурда, психологиясына жана курак eзгeчeлYГYнe кецул буруубуз абзел. Курактык eзгeчeлYГY боюнча жалпы, eспYPYм курак дейбиз. Анын ичинен 12-14 жаш кыздар, 13-14 жаш балдар.

Физиологиялык жактан бул курак жыныс бездеринин жетилYY мезгили болуп эсептелет. Бул куракта баланын ан,-сезими, ар нерсеге кызыгуусу eсeт. Бала бул мезгилде eтe сезимтал жана eтe баамчыл болуп, таарынчак келет, кыял-жоругу eзгeрeт, айрымдары бой кeтeрeт, таш боор боло баштайт, кээ бири улуулардын сeзYн урматтабайт (кереги жок акылдарды айтып жаткандай сезилет), eз боюна жана сырткы кeрYHYШYнe абдан кeцYл бурушат, тYнт мYнeз пайда болот. ЭспYPYмдeрдYн психикасы жана куч-кубаты eсYп жетиле элек болгондуктан алардын карама-каршылык аракеттери ачык эле кeрYHYп турат. Алардын айрым кыял-жоруктары чектен ашып бараткандай сезилет.

7-класстын окуучуларын алгебра сабагына активдештирYY YЧYн алгач эле алгебра предметин мыкты eздeштYргeн жана методикалык сабаттуулу мол болгон математика мугалими керек. Сабактын жYPYшYндeгY этаптарды класстын билим-децгээлине жана активдYYЛYГYнe карап уюштуруу зарыл. Мугалим eз предметин мыкты билсе, анда ал методиканы eзY эле eздeштYрe алат. Кыйын педагогдордун арасында математика мугалимдери кeп экени кYмeнсYЗ.

Алгач, "кызыгуунун сыры эмнеде?"- деген суроого жооп издеп кeрeлY. В. А. Сухомлинскийдин "Мугалимге жYЗ насаат" китебиндеги маалыматка кeцYл бурсак. Ал : "Сабак кызыктуу жYPYп жатат деген- бул, демек окуу, ой жYГYртYY окуучунун кeцYЛYHYн эргиши, толкундашы менен, ачылып жаткан чындыктын алдында тацдануу, кээде ал тYГYЛ айрац калуу менен, eзYHYн акыл кYчтeрYн баамдоо жана сезYY менен, чыгармачылык ыракат менен, адамдын акыл эсинин жана эркинин улуулугуна сыймыктануу менен коштолуп жYPYп отурат дегендикке жатат."- деген. [3] Сабак учурунда, окуучулар eз эмгегин жана ийгилигин сезе алгандай кылып сабак eтYYгe умтулуу керек. ИнтерактивдYY

метотдорго таянсак, кызыктуу оюн же жашоо-турмушка байланышкан усулдарды пайдалануу керек.

Азыр мектептерде окуучулардын функционалдык сабаттуулугун текшерYYЧY тесттерди мектеп окуучуларынан алып жатышат. PISA-test баарыбызга эле белгилYY. 7-класстын окуучулары дагы ушул тестирлeeгe катышышат. Аларга сабак учурунда eтYЛYп жаткан теманын жашообуздагы ордун, кайсы учурда керек болоорун тYШYндYPYY eтe эле керек. Окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жогорулатуу максатында, сабактын жYPYШYн, жашоо-шарттагы актуалдуу темаларга багыттап окутуу керек деп эсептейм.

7-класстар YЧYH предметке байланыштуу жагымдуу маанай уюштурууда "Беш", "Канча бир тууган?" жана башка ушул сыяктуу оюндарга окшош оюндарды ойнотсок болот.

"Беш" оюну. Окуучуларга ирээти менен аткара турчу шарттарды тYШYндYPYп берYY.

Ирээти менен аткар:

1. Бир орундуу сан ойлон;

2. Ага андан кийинки санды кош;

3. Келип чыккан суммага 9 санын кош;

4. Келип чыккан сумманы 2 санына бeл;

5. Келип чыккан сандан биринчи ойлогон санды кемит;

6. Канча чыкты?

Келип чыккан жыйынтык баардык учурда 5ке барабар. Жыйынтыгын окуучуларга жалпы биргеликте айтуусун талап кылуу. Окуучулар жалпы "беш" деп айтышат. Бул оюнда окуучулар жалпы класс менен сабакка даяр экендигин билдирет. Мисалы, 9 санын ойлоп, ал санга 10 ду кошушат (9 + 10 = 19). Келип чыккан суммасына 9ду кошушат (19 + 9 = 28). Андан келип чыккан сумманы 2ге бeлYшeт (28/2 = 14). Келип чыккан тийиндиден биринчи ойлогон санды кемитишкенде (14 — 9 = 5) "5" саны келип чыгат. Бул жыйынтык каалагандай бир орундуу сан YЧYн туруктуу. Бул оюн сабактын уюштуруу этабына сунушталат.

"Канча бир тууган?" оюну. Окуучуларга оюндун шартын тYШYндYPYп

6epYY.

((b + 3) х 5 + 20) х 2 + к + 5 = Х b = биртуугандарынын саны к = кыз биртуугандарынын саны

Х - 75 = ав

Он, жагы кыз биртуугандарынын саны Сол жагы биртуугандарынын саны

Келип чыккан жыйынтык окуучуларды тан калтырат. Бири-биринен жоопторун сурашып, ез алдынча текшериешет. Мисалы, биртуугандарынын саны 5 жана анын ичинен 2 кыз биртууганы бар болсун. Жогорудагы туюнтмага алып барып койсок туюнтма 127ге барабар болот ( ((5 + 3)х5 + 20) Х2 + 2 + 5 = 127). Келип чыккан натыйжадан 75ти кемитсек натыйжа 52 ге барабар болот (127 — 75 = 52). Келип чыккан эки орундуу сандын он жагындагы цифрасы кыз биртуугандарынын, ал эми сол жагындагы цифрасы жалпы биртуугандарынын саны болот. Биздин жооп туура чыкты он жагындагы цифра 2, сол жагындагы цифра 5. Бул оюн сабактын "уюштуруу" этабына сунушталат.

КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР:

1. Макарычев Ю.Н., Миндюк Н.Г., Нешков К.И.,Суворова С.Б. Которгон БерYбай Абакиров. Алгебра. Орто мектептин 7-классы YЧYн окуу китеби. Бишкек "Мектеп" 2003;

2. Муратов А., Акматов К. Окутуунун жаны технологиялары.-Б.:2019. -168 б;

3. Сухомлинский В.А. Мугалимге ЖYЗ насаат. Фрунзе "Мектеп" 1983;

4. Терегелдиева К.М. Математикагы окутуу теориясы жана методикасы. 2-белYк. Бишкек-2020;

5. Шаймерденов Б.А. Математика1. Жалпы республикалык тестирлееге даярдануу YЧYн колдонмо китеби. "Нова" билим берYY мекемеси. Бишкек 2019;

6. https: //ky. wikipedia. org/wiki/%D0%91 %D0%B0%D 1 %88%D0%BA%D 1 %8 B_%D0%B 1 %D0%B0%D 1 %80%D0%B0%D0%BA

Tayyrova R. U., Askarbekova A.N.

Tayyrova R.U.

senior lecturer Kyrgyz State University named after I. Arabaev (Bishkek, Kyrgyzstan)

Askarbekova A.N.

student

Kyrgyz State University named after I. Arabaev (Bishkek, Kyrgyzstan)

TEACHING ALGEBRA TO 7TH GRADE STUDENTS ACTIVATION METHODS

Abstract: in the school course, we divide mathematics into algebra and geometry, starting from the 7 th grade, giving mathematics first. At this time, students begin to show a decrease in interest in mathematics, which begins to worry teachers. Teachers are beginning to consider ways to activate students in algebra lessons, depending on the age and physiological state of the students. Over time, depending on the development of technology, it will be better if we apply activating game technologies to the algebra lesson.

Keywords: methodical literacy, games type, activation, age-specific, mathematical literacy, PISA test, STEM classes.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.