Научная статья на тему '1990-2010-ЖЫЛДАРДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭТНОСАЯСИЙ КОНФЛИКТЕР'

1990-2010-ЖЫЛДАРДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭТНОСАЯСИЙ КОНФЛИКТЕР Текст научной статьи по специальности «История и археология»

CC BY
9
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
1990-жыл / 2010-жыл / Кыргызстан / этносаясат / конфликт / салыштырмалуу талдоо / 1990 year / 2010 year / Kyrgyz Republic / ethnopolitics / conflict / comparative analysis

Аннотация научной статьи по истории и археологии, автор научной работы — Ш.И. Носиров, С.Т. Мырзаканова, Д.З. Имадинова

Бул илимий макалада 1990 жана 2010-жылдардагы Кыргызстандагы этносаясий конфликтердин келип чыгышы жана кесепеттерине салыштырмалуу кыскача анализ берилет.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

Похожие темы научных работ по истории и археологии , автор научной работы — Ш.И. Носиров, С.Т. Мырзаканова, Д.З. Имадинова

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

ETHNO-POLITICAL CONFLICTS IN KYRGYZSTAN IN 1990-2010

This article comparatively analyzes the reasons and results of the ethnic political conflicts in Kyrgyzstan in 1990 and 2010.

Текст научной работы на тему «1990-2010-ЖЫЛДАРДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭТНОСАЯСИЙ КОНФЛИКТЕР»

УДК:94 (575.2)

Носиров Ш.И., преподаватель ОшГУ, Кыргызстан Мырзаканова С.Т., преподаватель ОГПИ, Кыргызстан Имадинова Д.З., преподаватель ОшГУ, Кыргызстан

Носиров Ш.И., ОшМУнун окутуучусу, Кыргызстан Мырзаканова С.Т., ОГПИнин окутуучусу, Кыргызстан Имадинова Д.З., ОшМУнун окутуучусу, Кыргызстан

1990-2010-жылдардагы Кыргызстандагы этносаясий конфликтер Этнополитические конфликты в Кыргызстане в 1990-2010-годы Ethno-political conflicts in Kyrgyzstan in 1990-2010

Бул илимий макалада 1990 жана 2010-жылдардагы Кыргызстандагы этносаясий конфликтердин келип чыгышы жана кесепеттерине салыштырмалуу кыскача анализ берилет.

Ачкыч свздвр: 1990-жыл, 2010-жыл, Кыргызстан, этносаясат, конфликт, салыштырмалуу талдоо.

В статье дается краткий сравнительный анализ причин и последствий этнополитических конфликтов в Кыргызстане за период с 1990 по 2010 годы.

Ключевые слова: 1990 год, 2010 год, Кыргызстан, этнополитика, конфликт, сравнительный анализ.

This article comparatively analyzes the reasons and results of the ethnic political conflicts in Kyrgyzstan in 1990 and 2010.

Key words: 1990 year, 2010 year, Kyrgyz Republic, ethnopolitics, conflict, comparative analysis.

ХХ кылымдын 80-жылдарынын орто ченинен баштап дYЙнeдe биполярдык системанын кыйроо мезгили башталып, ал 90-жылга келгенде e3YHYH аскердик-саясий жашоосунун токтошу менен тарыхтын жацы барактары ачылды.

ХХ кылымдын 20-жылдары «СССР» - деген ат менен белгилYY болгон «Улуу державанын» эл аралык саясий аренага келип, бирок, 90-жылдардын башында eзYHYн саясий жашоосун токтотушунун дагы бир негизги себеби бул СССРдин курамында жашаган улуттардын ортосундагы тYPДYY конфликтердин чыгышы болгон.

Эзгече, СССРдин Прибалтика, Кавказ жана Борбордук Азия аймактарындагы этностор аралык конфликтерди атоого болот.

Мына ушул жогоруда аталган конфликтуу аймактардын бири болгон Борбордук Азиянын, анын ичинде езгече Фергана eрeeнYндe жайгашкан Кыргызстандын тYштYк аймагындагы этносаясий конфликтердин келип чыгышы, жYPYШY жана жыйынтыктары боюнча сез кыла турган болсок, бул теманын айланасында буга чейин дагы бир топ илимий эмгектер жарык керген.

1990 жана 2010-жылдардын июнь айларындагы Кыргызстандын тYштYГYндeгY, тагыраак айтканда Ош, Эзген жана Жалал-Абад шаарларындагы улуттар аралык конфликтердин келип чыгышынын, ЖYPYШYHYH жана жыйынтыктарынын окшоштуктары боюнча айрым окумуштуулар ар тYPДYY теорияларга, изилдее методдоруна таянышып илимий изилдeeлeрдY жYргYЗYп келишет.

Бул маселенин айланасында илимий изилдее иштерин жYргYЗгeн окумуштууларды негизинен теменкудей эки группага болуп кароого болот:

□ Ата-Мекендик изилдеечулер (Кыргызстандык);

□ Чет элдик изилдeeчYлeр (Россиялык, европалык ж.б.).

Ата-Мекендик изилдeeчYлeрдYн eзYн дагы тeмeнкYдeй эки группага бeлYп кароого болот:

□ Июнь окуяларынын келип чыгыштарын мыйзам ченемдYY кeрYHYш катары караган изилдеечулер;

□ Июнь окуяларынын келип чыгыштарын атайлап ойлоп табылган кeрYHYш катары караган изилдeeчYлeр.

1990-2010-жылдардагы Кыргызстандын тYштYГYндeгY этносаясий конфликтердин келип чыгышы боюнча тYPДYY гипотезалардын болушун мыйзам ченемдYY кeрYHYш катары бааласа болот.

Биздин изилдеелер боюнча Кыргызстандын тушту^ндегу этносаясий конфликтердин генезиси бул ХХ кылымдын 60-жылдарына туура келет. Бул этносаясий коифликтерди негизинен 3 чон этапка белуп кароого болот.

□ XX кылымдын 60-жылдары;

□ 1990-жылдын 4-июнундагы;

□ 2010-жылдын 10-июнундагы.

Чындыгында, 2010-жылдын 10-июнундагы Кыргызстандын туштугунде^ этносаясий конфликтердин кайталанышы бул 60 жана 90-жылдардагы конфликтер ез убагында чечилбегендиктен, советтик партиялык eкмeттYн кайдыгер мамилесинен жана Кыргызстан эгемендуугу^не ээ болгондон кийинки мезгилден, тагыраак айтканда 1991-жылдан ушул кYнгe чейин кеп улуттуу eлкeбYЗдe (100ден ашуун улут) бирдиктYY бир идеологиянын жоктугу, сепаратисттик кYчтeрдYн баш кeтeрYШYнe алып келYY менен 2010-жылдын 10-июнундагы этносаясий конфликтин кайрадан чыгышына мYмкYнчYЛYк берди.

Баарыбызга маалым болгондой, 2010-жылдын апрель айында Бакиевдик саясий режим кулатылышы менен елкеде хаос башталды.

Бийликке келген убактылуу екмет^н ишмердYYЛYГYHYн чабалдыгынан елкеде кайрадан улуттар аралык конфликтерге жол берилип, ал кан тeгYYлeр менен аяктады.

Кылымдардан бери канаатташ жашап келген кыргыз жана езбек элинин ортосундагы пикир келишпестик 2010-жылдын 10-июнунда кайрадан жYЗ берди. Окуя 2010-жылдын 10-июнунду тYнкY саат 23тен 20 минута еткенде "Алай" мейманканасынын жанындагы "24 саат" оюн жайында эки элдин жаштарынын ортосундагы кезектеги жацжалдан башталды [1, 359-бет].

Ал жерге езбек улутундагы 500ден - 2000ге чейин караламан адамдар топтоло башташкан. КYбeлeрдYн айтымында кагылышууга катышуучулардын арасында кара жип машинасын минген чоочун адамдар да болуп, ок атышкан.

Алар ээ-жаа бербей, "Алай" мейманканасын ерттеп, ОшМУнун жатаканасынын имаратына, жакын турган кеп кабаттуу YЙлердYн, соода тYЙYндерYHYн терезелерине, ары-бери еткен машиналарга таш ыргытып, андагы кыргыз улутундагы жYргYнчYлердY ур-тепкиге алышкан.

Ушул эле убакта шаардын ар кайсы тарабында езбек улутундагы адамдар чогула башташкан. 11-июнга караган тYHY саат 00:30да салюттар атылып, 4 мечиттин мунараларынан Yн кошмо менен азан айтылган. Бул чакырыктардан кийин шаардын ар кайсы белYктерYнде жана жакын жерлердеги айыл-кыштактарда массалык башаламандыктар башталып кеткен[1, 360-бет].

Бул боюнча окуянын кантип енYГYп кеткенин ез ^3Y менен керген Ош шаардык милициясынын башчысы Болот Нышанов мындай деген: "10-июнь кYHY кечки саат 22:45те мага кYзет белYMYнен телефон чалышып, "Алай" мейманканасынын алдына келишимди сурашты. Мен орун басарларымды алып барсам, ал жерде езбек улутундагы бир жарым мицдей адамдар топтолуп турушуптур. Абдан агрессивдуу болуп алышыптыр. Мен CYЙлешкенY барсам, менин кыргыз экенимди билип калып, езбек жигиттер кол салышты. Бирее бычагын кетерYп жYГYPДY. Ошондо орун басарларым "сиз алыс эле туруцуз, езYбYЗ CYЙлешебYз" дешти. Эки-уч саат CYЙлешYYлер болду. Бирок, езбектер кепке келбей, кыйкырып-екYPYп, чабуул жасай беришти. Колдорунда арматура, союл, бычактар бар эле. Биз барганга чейин эле "Алай" мейманканасынын тегерегиндеги имараттарды ерттеп жиберишкен. Биз студенттердин баарын чыгарып кеттик. Ошол тYHY болгон окуяга кыргыз жигиттеринин эч кандай тиешеси жок. Алар эртеси кYHY угуп алып чыгышты" [2, 71-бет].

Бул жерде, менин жеке пикирим боюнча Ош шаардык милициясы кыргыз жигиттери "Алай" мейманканасынын алдындагы болгон окуя женYнде гана кергенYн айтып, бирок, Ош шаарынын башка аймактарындагы кагылышуулар женYнде негедир Yн катпайт жана алдын ала мындай окуянын чыгып кетишин билбегендей болгондугу тац калыштуу.

Окуянын чыгышы тууралуу UzNews.net кез карандысыз маалымат кызматына езбек укук коргоочусу Сурат Икрамов "Кыргызстандын тушту^нде болуп еткен окуяга он ^н калганда кыргын болоору тууралуу ар кандай сездер чыга баштаганын качкындардан уктум. Жалал-Абад тургундарынын айтуусу боюнча чагымчылыкты жергиликтYY кыргыздар башташкан эмес. 25-30 жаш курактагы куралданган адамдар бир нече автобустар атайын келишкен" [2, 71 -бет] деп билдирген. Ошондой эле ал К. Бакиевдер жана анын тарапташтары уюштуруп, каржылаган акция катары баа берет.

Мына сиздер жогоруда белгилеп еткендей кыргыз милициясы жана езбек укук коргоочусу дагы 2010-жылдагы июнь окуясынын чыгуусунда бири езбек элин ачык эле баштады, биз мындай болгонун тун^ саат 22:45те уктум десе, экинчиси 25-30 жаш курагындагы белгисиз адамдар автобустарда куралчан келип (Б.Ж. кыргыздарды айткысы келген) башташкан деген ойду айтышып, экее тец конфликтин келип чыгуу себептерин билип турушса дагы ага токтолуудан качышат.

Мисалы, 1990-жылдын 4-июнундагы Ош жана Эзген окуяларынын башталышы дагы бир топ талаш-тартыштарды жаратып келет.

Ош шаарынын мурдагы мэри М.Ж. Мырзакматов 1990-жылдагы окуянын чыгышын мындайча эскерет: "1990-жылы 4-июнда Ош окуясынын оту тутанганда мен Ош университетинин студенти элем. Анда болгону 21 жаштагы боз улан кезим.

Эсимде, 1990-жылы 2-мартта Жалал-Абад шаарында жашаган согуштун жана эмгектин езбек улутундагы ардагерлеринин СССР Советинин алдындагы Улуттар Советинин терагасы Рафик Нышановго (улуту езбек, Эзбекстан компартиясынын мурдагы биринчи секретары) жана Кыргызстан компартиясынын биринчи секретары Апсамат Масалиевге автономия куруу тууралуу кайрылуусу Оштогу студент жаштардын арасында кескин терс пикирди жараткан. Биз, жаштар, бул кайрылууну: "Кыргыз жерин белYп-жарууга багытталган сепаратизм" - деп баалаганбыз" [1, 7-бет].

Ош шаарынын мурдагы мэри М.Ж. Мырзакматов дагы 1990-жылдагы улуттар аралык конфликтин чыгышына бир жактуу гана пикирин билдиргени даана керYHYп турат.

Ал эми, 1990-жылдагы июнь окуясынын чыгышынын негизги себеби катары СССР Жогору Советинин алдындагы Улуттар Советинин 1990-жылдын 26-сентябрында кабылдаган "Кыргыз ССРинин Ош облусундагы окуялар женYнде" деген №1683-1 токтомунда "Ош облусундагы массалык баш аламандык, зеекYPДYк жана вандализм менен коштолгон, оор кесепеттерге алып келген кайгылуу окуялардын келип чыгышына улуттук кадр саясатындагы кетирилген чоц каталар, калк арасындагы тYШYндYPYY, тарбия иштери жYргYЗYлбегендYГY, ошондой эле экономикалык жана социалдык маселелердин узак убакыт бою чечилбей келиши, социалдык калыстык принциптеринен чегинYYлер себеп болгон. Ош областынын жана Кыргыз ССРинин жетекчилери мурда болуп еткен улут аралык тирешYYлерге маани беришпей, жагдайга баа берYYДе кенебестикке, тоготпостукка жол коюшуп, улутчулдуктун кYчеп баратканын далилдеген маалыматтарга кайдыгерлик менен карашып, улут аралык жацжалды болтурбай коюу максатында чечкиндYY чара керYшкен эмес" деген баа берилген эле.

Ал эми, 2010-жылдагы июнь окуясынын чыгуу себебине окуянын келип чыгуусу боюнча тYЗYлген 20дан ашуун комиссия тYPДYYче баа беришкен.

Мисалы, алардын бири Кыргызстандын парламенттик комиссиясы мындайча баа берет: "2010-жылдагы июнь окуясынын келип чыгуусунун негизги себеби, бул, 1990-жылдагы улуттар аралык араздашууга YCTYPтен баа берилип калгандыктан, жыйырма жылдан кийин бул окуя кайрадан кайталанды" [1, 8-бет].

Улуттук, Эл аралык жана башка комиссиялардын берген бааларынын айрымдары гана бул пикирге Yндеш келсе, эл аралык комиссиянын баасы тап-такыр башка десек болот.

Чындыгында бул окуянын чыгышына обьективдYY баа берYYлер абдан эле аз. Улуттук, Парламенттик жана кээ бир комиссиялар окуянын чыгышы бул жогоруда белгилеген 1990-жылдагы июнь окуясы менен жана куралдуу жол менен кулатылган Бакиевдик бийлик жана анын тарапташтары, езбек сепаратистери кYнеелYY дешсе, куралдуу жол менен Бакиевдик бийликти кулатып, бийликке келген ошол кездеги Убактылуу екметтYн айрым мYчелерYHYн езбек сепаратистери менен саясий соодаларды кылышынан келип чыккан, Бакиевдердин тиешеси жок [3, 4-бет]. деген ойду айтышат.

Менин жеке пикиримде, 1991 -жылы ЭгемендYYЛYГYбYЗге ээ болгондон ушул ^нге чейин бирдиктYY бир улуттук идеологиянын жоктугу ушундай улуттук конфликтердин кайталанышына жол берип келет десек болот.

Мисалы, мен женекей эле кYHYмдYк турмушка тиешелYY нерселерден айтайын.

Кыргызстанда, кыргыз улутунан кийин эле саны боюнча езбек улуту турат. Бирок, эгер, мен жацылбасам кыргыз менен езбек аралашып тартылган кинолор, клиптер жок. Эки элдин ортосунда формалдуу гана карым-катнашты байкабасац (базарда, мечитте), YЙ-бYлee куруп, аралашып жашашпагандыгынын (eзYнчe езбек кварталдарынын болушу) eзY эле эки элдин теревдеп, чын жYрeктeн карым-катнашта болуп, жуурулушуп кетпегендигинен кабар берет.

Чындыгында, мына ушунун баарына Кыргызстандын бийлик тeбeлдeрYHYн жана кыргыз элинин этникалык иденттYYЛYГYHYн айрым бир жаман жактарын (башка элди эч качан кыргыздаштырбай, тескерисинче бeлYп, кошпой тургандыгы) кYнeeлeсeк болчудай.

Бийлик тeбeлдeрY демекчи, 2010-жылдагы июнь окуясында жабыркагандар YЧYн курулган кеп кабаттуу Yйлeргe кыргыз менен езбекти аралаштырып киргизип, жайгаштыра албагандыгы дагы кыргыз бийлигинин чабалдыгынан, жеткиликтYY, ынанымдуу кылып тYШYндYPYY иштерин жYргYзe албагандыгынан кабар берет.

Эки эл, дагы деле болсо эки белек жашап келет. Жогоруда белгилеп еткендей, кыргыз менен езбек базарда жана намазда гана аралашпаса, аралашып жашоолору али ^нге чейин ке^л сыртында калып келет.

Элкеде^ мындай кайдыгер саясаттын аягы, кайрадан эки элдин ортосунда кайсы бир кYHY тeртYнчY ирет кайталбай койбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Мына ошондуктан, елкеде^ улуттук саясатты, этностор аралык мамилелерди ез убагында чечпесек, эртец кеч болуп калышын буга чейинки 1960, 1990 жана 2010-жылдардагы окуялардан сабак алууга болот.

Колдонулган адабияттар:

[1]. Мырзакматов М.Ж. Мен издеген чындык. Ош коогасы тууралуу маектер, кайрылуулар, билдируулор, документтер, фактылар. - Бишкек, «Турар», 2011.

[2]. Максутова С. От тутанган онунчу жыл же Убактылуу ЭкмeттYн ишмердYYЛYГY. -Бишкек, 2013.

[3]. Мырзаканова С. "Особенности мобилизации и проявления насилия в Ошских событиях 2010 года". http://conflict-development.com/forum/oschsuu

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.